Президенттин атынан 5 аскер кызматкерине ыраазычылык билдирилди

Бүгүн, 29-майда Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү. Иш-чарага президент, Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров катышты.

Анда кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, үлгүлүү аскердик тартиби, күжүрмөн даярдыктагы мыкты көрсөткүчтөрү үчүн, ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн 30 жылдыгына карата президенттин атынан төмөнкү аскер кызматкерлерине ыраазычылык билдирилди:

— полковник Мурат Оторовго;

— подполковник Эрмек Асановго;

— капитан Бакытбек уулу Нурсейитке;

— капитан Кубатбек уулу Бексултанга;

— ага лейтенант Адылбек Кочкоровго.