Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн ишкер, экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

“Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун Facebook социалдык тармагындагы ачык кайрылуусу тууралуу президенттик администрация кабардар. Азыркы учурда кайрылууда айтылган жагдайлар боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”, — деп анын жообунда.

Буга чейин ишкер Шаршенбек Абдыкеримов президент Садыр Жапаровго соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, анын менчигинде болгон эки соода борбору тууралуу сөз кылган. Ага УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев жооп кылып, ишкер бөлүшкөн маалыматты калп деген.