Президенттин басма сөз катчысы Жапаров менен Ташиевдин жакындарынын кармалуусу тууралуу үн катты

Бир нече маалымат сайттары президент Садыр Жапаровдун жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары кылмышка шектелип кармалганын өздүк булактарына шилтеме кылып кабарлашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына жазды.
«Алардын мыйзамсыз аракеттерге баруусу боюнча компетенттүү органдар расмий маалымат беришет.
Сиздердин көңүлүңүздү дагы бир жолу өлкөбүздүн жогорку бийлиги мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабай тургандыгына бургум келет. Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз аракетке баргандар ким болбосун иштеп жаткан мыйзамдардын чегинде ээлеген кызматына, социалдык статусуна карабай жооп бериши керек деген айныгыс позицияны карманат», — деп жазылат билдирүүдө.