Президенттин кудасы Турусбек Түмөнбаев «Бишкек асфальт сервис» ишканасынын директорлук кызматынан кетти

Бишкек мэриясы тарабынан 2023-жылдын август айында «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасына подряддык уюмдар менен биргеликте шаардын көчөлөрүнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү тапшырылган.

Тротуарларды капиталдык оңдоо 21 көчөнү камтуу менен каралган. Бул ишти 12 подряддык уюм жүргүзөт. Тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы менен подряддык уюмдардын ортосунда келишим түзүүдө мөөнөт 30-сентябрга чейин белгиленген. Бирок ар кандай себептерден улам бүгүнкү күнгө чейин бул подряддык уюмдар өз милдеттенмелерин аткарган эмес. Ишкананын жетекчилиги тарабынан келишимдик милдеттенмелерин өз убагында аткарбаган подрядчыларга айыптык туумдар кабыл алынат.

Тактап айтканда, Лев Толстой көчөсүн Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейинки тротуарды белгиленген мөөнөттө капиталдык оңдоодон өткөрбөй койгон компанияга айып пул салынды. Бүгүнкү күндө башка подряддык уюмдар боюнча да айыптык санкциялар үчүн материалдар даярдалууда. 15ке жакын кемчилик актылар түзүлгөн жана кыска мөөнөттө жоюу үчүн подряддык уюмдарга берилген. Мындан тышкары, муниципалдык ишкананын тротуарларды капиталдык оңдоого конкурс өткөрүү бөлүгүндө талдоо жүргүзүүдө айрым мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Тактап айтканда, Токтогул көчөсүнүн Манас проспектисинен баштап Жаш Гвардия бульварына чейинки тротуарын капиталдык оңдоодон өткөрүү келишим атайын техникалары жок уюм менен түзүлгөн (асфальт төшөөчү, жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тонна самосвалдар). Логвиненко көчөсүнүн Чүй проспектисинен Лев Толстой көчөсүнө чейинки тротуарын капиталдык оңдоо боюнча келишим автомобиль жолдорун жана тротуарларды куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча иштерди аткарууда жетиштүү тажрыйбасы жок компания менен түзүлгөн.

Өз кезегинде муниципалитеттин «кара тизмесине» киргизүү үчүн материалдар даярдалууда, бул тизмеге 8 компания кириши мүмкүн. Тротуарларды курууда тажрыйбасы жок, атайын техникалары жок тендерге катышкан фирмаларга карата мыйзамгына ылайык каражаттарды регресстик тартипте калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлөт.

Бишкек мэриясы тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү мөөнөтүн сактабагандыгы, подряддык уюмдарды өз убагында жана талаптагыдай көзөмөлдөбөгөндүгү, жолдор жана тротуарлар боюнча материалдарды дайыма сапатсыз даярдагандыгы үчүн «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду. Буга байланыштуу «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасына убактылуу тышкы башкаруучу дайындалды.

  • “Бишкек асфальт сервис” ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаев болчу. Турусбек Түмөнбаев депутат Акылбек Түмөнбаевдин бир тууганы. Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун кудасы.