Президенттин маалымат кызматы: «Кыргыз аскерлери Казакстандагы акциялардын катышуучуларына карата эч кандай аракеттерге тартылбайт»

Иллюстрация

«Кыргызстандык тынчтык орнотуучулар стратегиялык маанидеги объектилерди коргоону камсыздоого тартылат. Аны менен бирге алар Казакстан Республикасындагы акциялардын катышуучуларына карата эч кандай аракеттерге тартылбайт». Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

«Жогорку Кеңеш бүгүн, 7-январдагы жыйынында ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуу күчтөрүнүн курамында Казакстанга Кыргыз Республикасынын аскер контингентин жөнөтүүгө уруксат берди. 5-январда казак тарап ЖККУнун катчылыгына уюмдун жоболоруна жана юридикалык милдеттенмелерине ылайык, Казакстанга тиешелүү аскердик контингенттерди жөнөтүү аркылуу тараптардын жардам көрсөтүүсүн тез арада уюштуруу өтүнүчү менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 6-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу жана Казакстанга ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамына Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин кароо сунушу менен кайрылган. Конституциянын жоболоруна ылайык, Жогорку Кеңеш Казакстандын аймагында кырдаалды турукташтыруу жана жөнгө салуу максатында тынчтыкты орнотуу иш-чараларына катышуу үчүн жамааттык күчтөрдүн курамында Кыргыз Республикасынын аскер контингентин жиберүүгө уруксат берди», — деп жазылат маалыматта.