Путиндин Кыргызстанга болгон расмий сапары кандай өттү? (Сүрөт)

Бүгүн, 12-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына расмий сапары болуп өттү.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи болду. Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдирип, кыргыз-орусиялык биргелешкен кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюшту.

Андан соң эки өлкөнүн лидерлери Кант шаарындагы Авиация базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мындан тышкары Владимир Путин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында «Ата-Бейит» комплексинде 1916-жылы курман болгондордун элесине арналган мемориалга гүлчамбар койду.

Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапары уланууда, эртең, 13-октябрда ал Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө — мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.