Депутат Токторбаев «Раим-миллион» деп койгонуна депутат Атазов жооп кылды

Депутат Жеңишбек Токторбаев фракциянын убактысын сурап, трибунада сөз сүйлөдү. Ал «Камчыбек Ташиевге баатыр деген наам туура эмес берилди» деген мурдагы элчи Азимбек Бекназаровду сындады.

«Сиздин ким экениңизди эл жакшы билет. Сарсанаа, кыжаалат болбоңуз», — деди ал.

Ал ошондой эле Кыргызстандын экс-президентинин макамы тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча айтып берди. «Мамлекетибизди 5 президент башкарды. Аскар Акаев 14 жыл башкарды. Эч кандай өзгөрүү болгон жок. Акаев өзү 4 жыл, калган 10 жылын аялы башкарды. Канчалаган малдар бар эле. Канчалаган имараттар бар болчу. Аларды жок кылды. Бакиев 5 жыл башкарды. 1 жыл өзү, 4 жыл уулу башкарды. Өзгөрүү болгон жок. Миллиондогон акчаларды чыгарып кетти. Жээнбеков 3 жыл башкарды. Эмне өзгөрүү болду? 1 жыл өзү, 2-3-жылын Асылбек (ред. Жээнбеков) менен Раим-миллион башкарды», — деди ал.

Буга депутат Шайлообек Атазов чыгып, башкаруудагы адамдардын атын айтканда адилеттүүлүк болушу керектигин айтты. «Раим-миллион да башкарды деп айтып кеттиңиз. Асылбек Жээнбеков келгенде Раим-миллион иштен кеткен. Ал болгону бир орун басар болчу. Ал киши мамлекетти башкардыбы, же жардам бердиби? Ал кишини Атамбаев менен Жээнбеков бийлик талашып жатып, кара пиар менен каралай беришти. Ал экономикага жардам берген болушу мүмкүн, жакшы текшерип көрүңүзчү», — деди ал.

2020-жылы УКМК Райымбек Матраимовго бажыдагы коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. 2021-жылы ал коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны 260 миң сом айыпка жыккан. Анда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу менен толтурулганы, тагыраагы 2 миллиард сомду бюджетке которгону маалымдалган