Равшанбек Сабиров эмгек министри кызматынан бошотулуп, инвестициялар боюнча агенттиктин директору болуп дайындалды

Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Өлкө башчысынын дагы бир жарлыгы менен Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.