“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоору бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды.
Жыйынга катышкан 96 депутаттын 87си документти колдоп, тогузу каршы добуш беришти. Долбоор парламенттин жыйынында талаш-талкуу менен коштолду.
Мыйзам долбооруна каршы добуш бергендер: Жанар Акаев, Дастан Бекешев, Мирлан Жеенчороев, Каныбек Иманалиев, Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Евгения Строкова, Чынара Урумкалиева.
Жыйынга келген жок: Мыктыбек Абдылдаев, Алиярбек Абжалиев, Мирлан Бакиров, Аккулу Бердиев, Айгерим Бешимбаева, Кенжебек Бокоев, Кубанычбек Жумалиев, Асылбек Жээнбеков, Аида Касымалиева, Асель Кодуранова, Абтандил Кулбараков, Мурадыл Мадеминов, Айсулуу Мамашова, Ильхом Маннанов, Жылдыз Мусабекова, Абдывахап Нурбаев, Карамат Орозова, Кожобек Рыспаев, Өмурбек Текебаев, Эмил Токтошев, Максатбек Эгембердиев.
Ал эми калган депутаттардын бардыгы макул деген добуш беришти.