Конституциясы боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзамдын долбоору бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Жыйынга катышкан 96 депутаттын 87си документти колдоп, 9у каршы добуш беришти.
Депутат Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоорго эл өкүлдөрү кантип добуш бергени тууралуу видео жарыялады. Видеодон Акылбек Жапаровдун үч депутаттын ордуна добуш берип жатканын көрүүгө болот.