Референдум. БШК Бишкектеги 7 шайлоо тилкесиндеги добуштарды кайра санайт

Бишкек шаарындагы жети шайлоо тилкесиндеги референдум бюллетендери кайра эсептелинет. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, №1028,1029, 1107, 1243, 1246, 1336, 1339 шайлоо тилкелеринде добуштар кайра эсептелинет.

«Конституциялык мыйзамга ылайык, референдум жөнүндө 36-беренесиндеги нормага ылайык протоколго ылайык эмес каталар аныкталгандыгы же протоколдордун туура түзүлгөнүнө күмөн саноолор пайда болушу менен Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды кайра эсептөө жөнүндө чечим кабыл алуу укугу бар. Добуштарды кайра эсептөө БШКнын мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөрүлүшү керек. Ошондой эле бул нерсеге демилгечи болгон группанын, партиянын мүчөлөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу. Добуштарды кайра эсептөөнүн жыйынтыгында БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарат», — деп айтылат маалыматта.