Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун 10-декабрь күнү дароо 2-жана 3-окууда кабыл алган. Эртеси Жогорку Кеңештин төрагасы жана президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов аталган референдумду 10-январда, президенттик шайлоого кошо өткөрүү боюнча мыйзамга кол койду.
Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 9-декабрь күнү 1-кароодон өткөргөн эле. «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Референдум боюнча мыйзамдын 12-беренесинин 3-пунктунда көрсөтүлгөн, Коснтитуцияга өзгөртүү киргизүүчү референдум депутаттардын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат. Бүгүнкү референдум Конституцияга өзгөртүү киргизет. Андыктан 80 депутат кол коюп киргизиш керек эле, 80 депутат 2 айдан кийин 3 окууда кабыл алышы керек болчу. Бирок мыйзамдын талабы аткарылган жок. Бир гана депутат, Акылбек Жапаров демилгелеп чыкты«,- дейт. Айтылгандай эле, парламент аталган мыйзам долбоорун 2 күндө 3 окуудан өткөрүп койду. Мыйзамга ылайык, ар бир окуунун ортосу 10 күн болушу шарт болчу.