Репрессия курмандыктарын актоого багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Кечээ, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечилердин бири, депутат Жанарбек Акаев мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий жана диний ишеними үчүн, социалдык, улуттук жана башка негиздер боюнча репрессиянын натыйжасында жапа чеккен жарандардын укуктарын, тагыраагы саясий репрессиянын бардык курмандыктарын реабилитациялоого багытталганын баса белгиледи. Мыйзам тарабынан туура эмес деп табылган ар бир чечимди соттук жана прокурордук кароо аркылуу эмес, жеке мамилелерди сактоо менен комиссиялык тартипте ишке ашыруу сунушталат. «Бул саясий репрессиянын курмандыктарынын, биринчи кезекте, атылгандардын, соттолгондордун, кууп чыккандардын жана сүргүнгө айдалгандардын, мүлкүнөн жана турак жайынан ажырап, мыйзамдуу зомбулукка кабылгандардын чынчыл ысымдарын калыбына келтирет», — деди ал. Болжолдуу 40 миңдей кыргызстандык репрессиянын курмандыгы болгон.

Талкууда депутаттар Мейкинбек Абдалиев, Медербек Алиев, Алишер Козуев, Талант Мамытов бул мыйзам долбоорун колдоп, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирип, репрессия курмандыктарынын атын чынчылдык менен аташ керек экенин белгилешти. Депутат Карим Ханджеза саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын ишин каржылоо механизмдери тууралуу маселени белгиледи. Талкууда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин абалы жана ишмердүүлүгүнүн каржыланышы боюнча да суроолор көтөрүлдү.