“Республика Кыргызбы” же “Кыргыз Эл Республикасыбы”? Өлкө үчүн жаңы аталыштар сунушталууда

“Республика Кыргызбы” же “Кыргыз Эл Республикасыбы”? Өлкө үчүн ушундай жаңы жана башка аталыштар сунушталууда. Мындай пикирлер кечээ, 23-ноябрда Конституциялык кеңешменин жыйынында анын катышуучулары тарабынан айтылды.

Экс-министр Марат Кайыповдун айтымында, мамлекеттин аталышы орус тилинде Кыргыз Республикасы болуп калат, а бирок туура которулушу бул – Республика Кыргыз. “Кыргыз Республикасы дегенде бир эле кыргыздар жашагандай туюнтат, ал эми Республика Кыргыз дегенде бир нече улуттардын өкүлдөрү чогуу жашарын билдирмек”, — деди Кайыпов.

«Кыргыз Жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиевдин айтымында, эл бийликке келген соң, аны мамлекеттин аталышына кошуу керек. «Биз «Кыргыз Эл Республикасы» деп атоону сунуштайбыз, анын аталышына Кытай Эл Республикасы сыяктуу эл кириши керек», — деди Кошалиев.

«Бакдөөлөт» фондунун жетекчиси Мелис Мураталиевдин айтымында, Кыргызстан менен Кыргыз Республикасынын мааниси ар башка. “Стан бир гана жайгашкан жерди билдирип калат. Өлкөнү билдириши үчүн Кыргызия же Кыргыз мамлекети деш керек”, — деди ал.

Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору Максат Чакиев да жогорудагы пикирге кошулуп, Кыргызстанды Ооганстанга окшоштура беришет деди. “Мен Кыргызстан деген аталышка каршымын. Кыргыз Республикасы жакшы угулат”, — деди ал.