«Республика» эмне үчүн парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты? Төрагасынын жообу

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев СуперТВ телеканалындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө «Республика» партиясынын парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан себебин айтты. Анын айтымында, мындай кадамга баруунун 2-3 себеби бар.

«Биринчиден, курамын түзгөн саясий курам менен акылдаштык, айрымдары шайлоого аттанбай калышса, айрымдары өкмөттүн курамына кеткендиктен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, саясатта калгандар кала берди. Бүгүнкү күндө мен партиянын төрагасымын. Экинчиден, былтыр биз көрдүк да, платформасы бир, идеясы бир, көз карашы бир болгон саясий күчтөр топтолушу керек экен. Саясий партиянын эң башкы максаты — өзүнүн программасын ишке ашыруу. Былтыртан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан, биз ошол жаңы саясий партияны каттап, ошонун курамына кирип, шайлоого аттандык», — деди ал.