«Республика» партиясы парламенттик шайлоого катышпарын жарыялады

«Республика» партиясы парламенттик шайлоого ат салышпайт жана эч ким менен бирикпейт. Бул тууралуу партиянын соцтармактагы баракчасында жазылат.

««Республика» партиясы алдыдагы Жогорку Кеңешине шайлоого катышпоо чечимин кабыл алган. Мындан тышкары, «Республика» партиясы эч ким менен бирикпейт, эч кандай саясий коалицияларга кирбейт. Муну эске алуу менен, биз саясий ишмерлерден сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө да, эл алдында сүйлөөдө да «Республиканын» атын колдонбоого чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.