Русланбек Тагаев Ленин районунун башчысы болуп дайындалды

Тагаев Русланбек Таштанбекович Ленин районунун башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Буга чейин ал суу менен камсыздоо жана канализация системасында иштеген. Ал эми мурдагы аким Мурат Осмонов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.