Рустам менен Тай-Мурас пиар кылгыдай, бийликке жетпей жүргөндөрдөн эмес, эптеп элге көрүнө калып, эртең депутат же президенттикти алалы дегидей. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
«Жөн гана «Силердин карапайым балдардан эмнеңер кем? Баргыла, алдыда жүргүлө. Аскерлердин кем-карчы болсо, так маалыматты бизге жеткирип тургула» деп биз өзүбүз жибердик. Барышты, колдорунан келген жардамдарын берип жүрүшөт», — деди ал.