Садыр Жапаров 1 миллиард сомго сатып алынган 112 атайын техниканы тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-октябрда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты.

Суу ресурстары кызматынын керектөөлөрүнө республикалык бюджеттин эсебинен алынган 112 атайын техника: дөңгөлөк менен жүрүүчү узун бум экскаватор — 28, жүк көтөрүүчү манипулятор 8 тонна — 6, алдыңкы жүктөгүч 3 м3 — 10, узун бум экскаватор жөрмөлөгүч менен — 8, өзү жүктөөчү бетон аралаштыргыч — 8, бульдозер — 4, грейдер — 1, 35 орундуу автобус — 1 бирдик жана башка техникалардын түрлөрү берилди. Алар өлкө аймактары боюнча бөлүштүрүлөт. Мамлекет башчысы борбордук Ала-Тоо аянтына тизилген жаңы техникаларды көрүп чыкты жана алардын техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты. Суу ресурстары кызматына республикалык бюджеттин эсебинен 1 миллиард сомго сатылып алынган 112 атайын техника берилди, ошондой эле 83 миллион сомго сатылып алынган 48 кызматтык автоунаа райондордун агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына тапшырылды.

Садыр Жапаров белгилегендей, эмдиги жылы суу ресурстары кызматы 400дөн кем эмес атайын техника менен камсыздалат.

</div