Садыр Жапаров: «1-январда илинген желектен трагедия издештин кереги жок»

1-январда илинген желектен трагедия издештин кереги жок. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров билдирди.

«Мэрияга мекенчил демөөрчүлөр тарабынан жасалып келген жаңы желекти илели деген сунуш болгон экен. Мэрия макул деп жаңы желекти көтөртүп коюптур. 8-январь күнү Жогорку Кеңеш дыкат карап, берилген сунуштарды эске алып толуктап, 3 окууда кабыл алып берген, андан соң Өкмөттүн токтому менен бекитилген жаңы желек расмий түрдө көтөрүлдү. Болду го эми, желек боюнча талкууну токтотолу», — деди ал.