IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду. Бул суроолорго президент Садыр Жапаров кеңири жооп берип, 12 жылдык билим берүү системасы, демографиялык өсүш жана МИКтин баа саясаты боюнча түшүндүрмө берди.
— Өткөн IV Элдик курултайда көтөрүлгөн маселелер боюнча суроо узатсак. Жарыш сөзгө чыккан делегаттар тарабынан эң көп айтылган көйгөйлөрдүн бири — мектептердин жетишсиздиги болду. Айрым класстарда 40-50 окуучу билим алып жатканын айтып, бул маселени чечип берүүнү суранышты. Мындай жагдай 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө байланыштуубу?
— Жок, бул 12 жылдык билим берүүгө эч кандай тиешеси жок. Муну буга чейинки маектеримде да бир нече жолу белгилеп келгем. Бул маселе 12 жылдык билим берүү киргизилгенге чейин эле бар болчу. Мисалы, мурдагы жылдары 1-2-класстарга 140-150 миңдей бала кабыл алынса, 2025-2026-окуу жылына карата Э-Күндөлүктүн маалыматы боюнча 1-класс — 106015, 2-класс — 124 593 окуучуну түздү. Мисалга алсак, 2015-жылы окуучулардын саны – 1 043 356 болсо, 2025-жылы, 10 жыл аралыгында окуучулардын саны 1 536 633гө жетип, демографиялык өсүштө окуучулардын саны 500 миңге өстү. Бул мамлекеттеги демографиялык өсүш, ошондой эле ички миграциянын агымынын шаардык борборлорго жогорулашынан, айрыкча, шаарларда кошумча мектептерди, бала бакчаларды куруу маселеси пайда болду.
Учурда бул багытта пландуу иш алып барып жатабыз. 2025-жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы республикалык бюджеттин эсебинен 134 билим берүү мекемеси бүткөрүлдү. Анын ичинен 60 мектеп, 28 бала бакчасынын курулушу, ал эми 41 мектеп, 5 бала бакчада капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Мындан тышкары, 16 мектеп, 13 бала бакчанын (29 объект) курулушу ар кандай каржы булактардан (өнүктүрүү фонддор, жергиликтүү бюджет, демөрчүүлөр ж.б.) каржыланды.
Жалпы республика боюнча республикалык бюджеттин эсебинен жана ар кандай каржы булактардан 163 билим берүү (117 курулуш, 46 капиталдык оңдоп-түзөө) объектиси бүткөрүлдү.
2022-жылы Бишкек шаарында 15 мектеп курулган болсо, жаңы жылда ордо калаабызда 20 мектеп, Ош шаарында 10, Манас шаарында 6 мектеп салынат. Мектептердин курулушу февраль айында башталып, сентябрь айында бүткөрүлөт. Дал ушул үч шаарда мектептерге муктаждык көбүрөөк болууда. Ошентип, бул маселе этап-этабы менен чечилет. Мындан сырткары, учурда жалпы өлкө боюнча курулуштары ар кыл стадияда турган 216 мектеп жана 107 бала бакча бар. 2026-жылы алардын жарымы толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет деп турабыз.
Ал эми 12 жылдык билим берүүгө өтүү — мезгил талабы. Биринчиден, бүткүл дүйнөлүк стандарт, экинчиден, билим берүү рыногунун дүйнөлүк талабы болуп жатат. Заман талабы катары бүткүл дүйнөлүк эмгек рыногу менен билим берүү мейкиндигиндеги айкалыштан биз артта калбашыбыз керек. Коңшу өлкөлөрдөн учурдун талабына ылайык, бул процесске бизге чейин өткөнү да, учурда өтүп жаткандары да бар. Бизде 2029-жылы 12 жылдык билим берүүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрү аттестат алышат. Болбосо мектепти аяктаган балдарыбыз, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келбегендиктен, чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларга тапшырганда кошумча бир жыл даярдык көрүүгө аргасыз болуп жатышат.
12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча өзгөчө зарылдык жаралды. Бул — глобалдык талап. Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине кире албай, дүйнөлүк эмгек рыногунун талабына жооп берген адистерди даярдоодон өксүдүк. Кыргызстан үчүн дүйнөлүк экономикада теңтайлаша турган адам капиталын даярдоо өтө маанилүү. 10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү, ал пландык-командалык экономиканы тейлөөгө багытталган. Учурда рынок экономикасына атаандаш боло алган адисттерди даярдоо — бул заман талабы, андан артта калбашыбыз керек. Эрте кесипке ээ болгон система.











