Садыр Жапаров: «2020-жылдын октябрынан бери тышкы карыз болгону 84 миллион долларга көбөйдү»

«2020-жылдын октябрынан бери тышкы карыз болгону 84 миллион долларга көбөйдү». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

«Оппозиция элди дүрбөтүп, 1 миллиард долларга жакын тышкы карыз алды деп айтып жаткан маалымат калп. 2020-жылкы октябрдан берки тышкы карыз болгону 84 миллион долларга көбөйдү. Каржы министрлигине барып иликтегичтер муну да иликтеп чыксаңар болот. Анан да, бул сумма – дагы мурдатан түзүлгөн келишимдин негизинде келген акча. Мындан тышкары бир топ каражаттар грант түрүндө келип жатат. Алар кайтарымсыз. Кыргызстанга жардам катары берип жатышат. Мындан ары тышкы карызды көбөйтпөй, тескерисинче, жапканга аракет кылабыз. Кыскасы, президенттик биринчи мөөнөтүм бүткөнчө, тышкы карызыбыздын, эң жок дегенде, жарымын жаап кеткенге аракет кылам», — дейт президент.