Садыр Жапаров 3-июлда Нью-Делиге иш сапар менен барат

5-майда Панажи шаарында өткөн ШКУга мүчө-мамлекеттердин министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индиянын тышкы иштер министри Субраманям Жайшанкар менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-индия кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, эки тараптуу жана көп тараптуу форматта натыйжалуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты. Саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө жигердүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө эки тарап тең кызыкдар экени белгиленген.

Министрлер президент Садыр Жапаровдун 3-4-июлда Нью-Дели шаарында ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Индияга боло турчу иш сапарынын даярдыгына өзгөчө көңүл бурушкан.