Садыр Жапаров 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Араб Эмираттарында болот

Президент Садыр Жапаров 30-ноябрдан 2-декабрга чейин Бириккен Араб Эмираттарына Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегментине катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«БАЭдеги 30-ноябрдан 12-декабрга чейинки кезектеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашат жана глобалдык жылуулукту чектөө боюнча мындан аркы кадамдарды аныкташат.

1-декабрда Садыр Жапаровдун БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт. 2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда. Иш сапар БАЭнин Улуттук күнүн майрамдоого мамлекет башчысы катышып, ошону менен аяктайт», — деди Муратбек Азымбакиев.