Садыр Жапаров адвокаттардын съездине келүүгө бир шарт койгонун айтты

«Биз адамдардын укук коргоо органдарына жана сотторго болгон көз карашын өзгөртүшүбүз керек», — деди бүгүн, 30-сентябрда президент Садыр Жапаров адвокаттардын II съездинде.

«Адвокаттардын съездинин чакырылышын бир шарт менен кабыл алгам – съездге мүмкүн болушунча көп адвокаттар катышууга тийиш жана укук коргоо, ошондой эле сот системасынын өкүлдөрү чакырылышы керек. Себеби бул адвокаттар коомчулугу үчүн гана эмес, өлкөнүн укуктук системасы үчүн да чоң окуя. Биз адвокатуранын ишине тиешелүү бир катар курч көйгөйлөрдү талкуулашыбыз керек, алардын көпчүлүгү мамлекеттин укук коргоо жана сот системасын өркүндөтүүгө түздөн-түз тиешелүү. Адвокаттар сот адилеттигин жүргүзүүдө мыйзам менен адам укугунун үстөмдүгү деген принципти коргоонун бир негизи болуп эсептелет.

Укук коргоо системасынын жана сот адилеттигинин натыйжалуу иштөөсү үчүн адвокаттар өздөрүнүн кесиптик милдеттерин көз карандысыз аткарышы керек. Алардын ишине укук коргоо органдары жана башка таасирдүү жактар кийлигишпөөгө тийиш. Ошондой эле алар өздөрүнүн кесиптик ишин аткарууда ар кандай кол салуулардан, куугунтуктоолордон мыйзамдар аркылуу жана иш жүзүндө корголушу шарт. Адвокаттарга кол салуу, басым жасоо болуп же жалпысынан укук коргоо органдарына көз каранды болсо, же соттор калыс болбой, адвокатуранын эл аралык стандарттарда каралган функциялары сакталбаган, корголбогон учурларда адвокаттардын көз карандысыздыгына коркунуч келип, алар иш-милдеттерин аткара алышпайт», — деди ал.