Садыр Жапаров агасынын иши тууралуу: «Бир туугандарым чет өлкөлөрдөн инвестиция алып келип жатышат»

Өткөн аптада президент Садыр Жапаров «Кабарга» маек берип, социалдык тармакта тараган белгисиз алтын куймаларга окшош видео жөнүндөгү суроолорго жооп берген. Көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев дагы сөздү улай жергиликтүү радиолордун биринде алтын тууралуу кеп козгоп, бийликти сынга алуу менен мамлекет башчынын бир тууган агасын да сөзүнө кошуп кеткен.

— Алтынга байланыштуу иликтөөлөрдү же ар кандай окуялардын көбүн бир тууган агаңыз Сабыр Жапаровго байланыштырып келишет. Исхак Масалиев дагы сөзүнө кошуп кетиптир, сыр болбосо, агаңыз азыр эмне иш менен алектенет?

— Мен сөзүмдүн башында “Шектүү шекшинет” деген кыргызда жакшы сөз бар деп айттым го. Анын сыңарындай, менин бир туугандарым Исхак Масалиевдей ууру же «казиношник» эмес. Кыргызстандан уурдап чыгып, чет өлкөлөрдөгү казинолорго миллиондоп уттуруп келип, ата баркы менен чалчаңдап жашагандардан эмес. Алар – ата тарбиясын көргөн адамдар.

Тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка инвестиция алып келип жатышат. Мен бир туугандарыма жана үй-бүлөмө “Мурдагылардын катасын кайталабагыла, алардын катасынан сабак алгыла, өмүр бою жашооңор Кыргызстанда өтөөрүн унутпагыла, эл менен болгула!” деп дайыма эскертип турам. Мен дагы мурдагылардын катасын кайталабайм. Үй-бүлө, бир-туугандарымды мамлекеттин ишине аралаштырбайм. Буга күчүм жетет.

Эгер Исхак Масалиев менен Адахан Мадумаров же Болот Темиров алтын тармагы эле эмес, башка тармактарда дагы уурулук болуп атат деген күмөнү болсо, мен бүгүн эле элдик көзөмөл комиссиясын түзүп, аларды эң башкы сабына адис кылып койгонго даярмын.

Кимдер уурдап жаткан болсо, ачыкка чыгарып турушсун. Бизге (бийликке) бул пайда гана алып келет. Ууруларды он эселеп, жүз эселеп кайтартканга даярбыз. Бирок “Сойку кайнене келининен шек санайт” боло беришпесин. Ошентип айтып койгула.

Биз тескерисинче, уурдагандарды чекесинен түрмөгө камап, он эселеп кайтартып жатабыз. Бир эле алтын кендеринен эмес, кайсыл тармакта уурулуктар болбосун, далилдер менен бизге жеткирип турсаңар, биз дароо ал жердеги уурулукту токтотобуз жана жазалайбыз. Бул бизге жардам гана болот.

Анан жөн эле болор-болбос жалган же жасалма видео-материалдарды элге жайылтып, арам ойлорун ишке ашырабыз дегендерге көңүл бурбайбыз. Андайларга көңүл бурганга убактыбыз да жок.