Садыр Жапаров: «Акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм»

«Кабар» агенттиги өлкө башчысы Садыр Жапаров менен кезектеги маегин курду. Анда агенттик президенттин жакындары тууралуу коомчулукта талкуу жаратып жаткан маселелер боюнча суроо узатып, жооп алды.

— Жакындарыңыз өздөрүнүн жеке жашоосун коомчулукка жарыялоодо сиз менен кеңешеби, же сиз аларга эң жогорку мамлекеттик кызматыңызды эске алып, кандайдыр бир талаптарды коесузбу? Анткени буга чейин да Лазат Нургожоева соцтармакта унааларын, иштеген жеринин сүрөттөрүн жарыялап, талаш-тартыш менен коштолгон талкууларды жаратты эле?

— Албетте, бир-туугандарыма жана алардын балдарына катуу талаптарды коем. “Мурдагылардын катасын кайталабайлы, мамлекеттик иштерге кийлигишпегиле” деп дайыма эскертип келем. Кийлигиштирбейм.

Баягы элибиздеги “Күлгөнгө күлө жетем” деген сөздүн калети жок экен. Мурда башкаларды сындап койчу элем. Эми өз башыма келип олтурат. Ал эми акыл-эси токтоло элек карындашым үчүн элден кечирим сурайм.

Ал дагы элдин сын-пикирин угуп жатат, алардан туура жыйынтык чыгарат деп ишенем. Анын үстүнө турмуш жолуна аттанып, үй-бүлө курганы турат, эми баарын алдын ала акыл калчап иш кылышат деп үмүттөнөм.