Садыр Жапаров Араб Эмираттарына жөнөп кетти. Аны коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен жөнөп кетти.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышат. Мындан тышкары, Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев;

— Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;

— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

— санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева.