Садыр Жапаров Араб Эмираттарына кимдер менен кетти? Тизме

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев;
— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
— энергетика министри Таалайбек Ибраев;
— финансы министри Алмаз Бакетаев;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.