Садыр Жапаров: “Аскар Акаевге экс макамын береби жокпу ал Жогорку Кеңештин укугу”

Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусун калыбына келтирүү үчүн Жогорку Кеңешке тиешелүү кат менен кайрылганы маалым болду. Ал арада коомчулук бул маселени катуу талкууга алып, ар кандай пикирлер айтылып жаткандыктан «Кабар» агенттиги президент Садыр Жапаровго суроо узатып, пикирин укту.

— Мурдагы президент Аскар Акаев ага экс-президент макамын калыбына келтирип берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кайрылганы маалым болду. Бул маалымат учурда кызуу талкууланууда. Аталган маселе боюнча Аскар Акаев сиз менен макулдашып же кеңешти беле?

Мен Аскар Акаевди “Кумтөр” боюнча суракка келгенде эки жолу көрдүм. Андан кийин Дубайда мурдагы президенттерди чогултканда үчүнчү жолу көрүштүм. Андан бери көрүшкөн да, сүйлөшкөн да жокмун. Бул маселе боюнча кеңешкен эмеспиз.

Негизи ар бир жаран өзүнүн укугун коргош үчүн же болбосо кандайдыр бир мыйзамдуу талаптарын калыбына келтириш үчүн мамлекеттик бийлик бутактарына кайрылууга толук укуктуу.

Аны бирөө жарым менен кеңешип олтуруштун же менин макулдугумду алыштын кереги жок. Өз укугунан пайдаланып арыз берди деп билдим.

Жогорку Кеңеш экс-президент макамын калыбына келтириши керекпи? Сиздин көз караш кандай бул маселеде?

Ал Жогорку Кеңештин өзүнүн иши. Экс макамын береби жокпу ал Жогорку Кеңештин мыйзамдуу укугу.

Экс макамын алыш дагы, экс макамын бериш дагы Жогорку Кеңешке таандык. Мен көз карашымды айта албаймын.

Жогорку Кеңеш өзү билсин. Биз бирөө жарымды бер же бербе деп айтпайбыз. Мыйзамдуу жагын карап көрүшсүн. Мыйзамдарды көзөмөлдөш Жогорку Кеңештин милдети.