Садыр Жапаров Асманды куруу боюнча: «Инвесторлорго чоң-чоң жер тилкелери бөлүнөт»

default

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусундагы «Асман» шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземине катышты.

«Башында эле баса белгилеп айтып кетейин, шаар курууга каралган жерден инвесторлорго чоң-чоң жер тилкелери бөлүнөт, аларга мамлекет тарабынан 100 пайыз кепилдик берилет. Долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат деп ишенимдүү кепилдик бере алам. Мамлекеттин берген кепилдиги менен эч тынчсызданбай, бир гана ушул долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга максат коюп, курулуш иштерин ыкчам баштай берсеңиздер болот. Учурдагы бийлик сиздердин ишиңиздерге эч кимди кийлигиштирбейбиз жана мамлекеттин кепилдигин толук камсыздайбыз.

Баса белгилеп айтып кетүүчү нерсе, буга чейин болуп келген жагымсыз көрүнүштөр боюнча:
— мамлекеттик органдар болобу, күч түзүмдөрүнөн болобу же деструктивдүү элементтерден болобу, келип, болбогон шылтоо таап опузалап, кандайдыр бир иштерине тоскоолдук кылып, акча талап кылууларына биз жол бербейбиз.

Ошол эле маалда жергиликтүү бийликтен же жергиликтүү элдин атынан бирөө-жарым келип, мыйзамсыз иш-аракеттер менен тоскоолдук кылбайт деп убада беребиз. Кимде ким тоскоолдуктарды кылса, аны менен жеке өзүм эсептешем. Кокус биздин инвесторлорго карата андай чекилик иштердин чети эле билинсе, мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар катуу жазаланат», — деди ал.