Астанада өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин VI саммитинде айрым президенттер өзүлөрүнүн суусун ичип жатышат. Бул тууралуу Orda.kz жазды.
Орус лидери француздардын EVIAN суусун ичет. «Кыргызстан менен Түркиянын президенттери да өздөрүнүн суусу менен келишкен. Калган жетекчилер Казакстандын “Туран” суусун ичишти. Суу дипломатиясы жана протокол», — деп жазылат маалыматта.
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев журналисттерге Садыр Жапаров саммитте «Легенда» суусун ичкен. «Биз өзүбүздүн сууну бардык жерге алып барууга аракет кылабыз», — деди ал.