Садыр Жапаров Атамбаевди жакшы көрөрүн жазды

Президент Садыр Жапаров Фейсбукка жарыялаган билдирүүгө журналист Назгүл Мамытованын жазган комментарийине жооп жазды. Комментарий өчүрүлгөнү менен соцтармактын колдонуучулары жазылган билдирүүнү скрин кылып калууга үлгүрүшкөн.

Бүгүн, 8-майда Садыр Жапаров Июнь окуясы жана Дача-СУ окуясы боюнча билдирүү жарыялаган. Ага журналист жана КСДПнын саясий кеңешинин мурдагы мүчөсү Назгүл Мамытова «Өч алуу менен эле алек болуудасыз. Айкөл болуңуз да майдаланбай. Дөөлөт иниңиз тууралуу айткан кебиңиз таптакыр туура эмес» деп комментарий жазган. Бул комментарийге карата Садыр Жапаров журналистти тоок мээ болбоого чакырып, «Өч алсам, сиз менен Атамбаевден алат элем го? Экөөңөрдү тең жакшы көрөм» деп жазды.