Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментин пландан тышкары текшерип барды. Анда көп жылдардан бери жараксыз абалга келген шаардык автобустар токтоп турат.
Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен жакын арада шаардын муктаждыктары үчүн миң жаңы автобустан турган кошумча партия келери күтүлүүдө. Борбор калаада транспорт маселесинин акырындап чечилиши менен, бардык кичи автобустар шаардын четине чыгарылат.
Президент борбор калаанын муниципалитетине жараксыз болгон бардык эски автобустарды тез арада металлоломго чыгарууну жана аймагын кеңейтип, жаңы автобустарга орундарды даярдоону тапшырды. Ушул эле башкармалыктын аймагында техникалык тейлөө станциясын куруу боюнча иштерди тездетүү тапшырылды. Аны келишим боюнча жаңы алынып келинген автобустардын өндүрүүчүсү болгон кытайлык завод курат. Техникалык тейлөө станциясында бардык жаңы автобустар күнүмдүк оңдоодон тез өткөрүлүп, алардын техникалык абалы жакшы сакталып турат.
Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында «Эгинди тебелегендиги үчүн айыл чарба жаныбарларынын...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун активи жана жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда аларды түйшөлткөн суроолорго жооп...
Садыр Жапаров бүгүн, 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчысы өз...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, жарандар социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык...