Садыр Жапаров Бакиевдердин кимисине иш козголгонун, кимисине иш жок экенин санап берди

Ousted Kyrgyz President Kurmanbek Bakiyev (C) walks with his supporters during a rally in Jalal-Abad some 600 km outside Bishkek on April 13, 2010. The interim authorities in Kyrgyzstan stripped ousted president Kurmanbek Bakiyev of his immunity to prosecution, warning he will be arrested unless he surrenders. Thousands of supporters of Bakiyev staged a new rally backing him in his southern stronghold of Jalalabad. Bakiyev has defiantly dismissed the new authorities as "gangsters" and said he will not be intimidated by warnings he faces arrest, insisting he is still president of the country.AFP PHOTO / VYACHESLAV OSELEDKO (Photo credit should read VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/Getty Images)

«Курманбек Бакиев, Жаныш, Акмат, Максим, улуу баласы Марат Бакиевдерге иш козголгон. Издөөдө жүрүшөт. Келсе, албетте, камалышат». Бул тууралуу Садыр Жапаров билдирди.

«Башкы прокуратуранын мага берген маалыматтары боюнча Адыл Бакиев, бир тууган иниси Марат Бакиев, Каныбек Бакиевдерге иш козголбоптур. Издөөдө жок экен», — деди ал.

Журналисттин «кокус Бакиевдер болбой эле Кыргызстанга келебиз, сот аркылуу акталабыз деп калса, бул элдин бөлүнүп-жарылуусуна алып келбейби?» деген суроосуна «Отуз жылдан бери бөлүнүп-жарылып жүрүп, мамлекетти чачыратып жибере жаздадык го. Соттун чечимине жана мыйзамдарга баш ийебиз. Жаныш, Максимдерди соттор актап жиберээрине көзүм жетпейт. Анткени алар өмүр бою эркинен ажыратылышкан», — деп жооп берди Жапаров.