Садыр Жапаров: «Бир дагы кыргызстандык үй-бүлө «үйүм жок» деп чет өлкөлөп же батирлеп жүрбөшү керек»

Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык батирлерди тапшыруу учурунда сөз сүйлөдү.

«Бир дагы кыргызстандык үй-бүлө «үйүм жок» деп чет өлкөлөп же батирлеп жүрбөшү керек. Биз ушул максатыбызды жакынкы убакта толук аткарабыз.

Дагы бир жакшы жаңылыкты сиздер менен бөлүшө кетейин. Жакынкы күндөрдө дагы бир маанилүү турак жай долбоорунун алгачкы этабы ийгиликтүү аягына чыгышы күтүлүүдө. Мурдагы №47 колониянын ордуна турак жай курулушу башталган. Буюрса, бүрсүгүнү ал жерден дагы миңдеген шаардыктарды турак жай менен камсыздайбыз деп турабыз. Өлкөбүз сейсмикалык активдүү чөлкөмдө жайгашкандыктан, турак жайлардын курулушунун сапатына чоң маани берилүүдө.

Бардык иштер улуттук курулуш ченемдери менен талаптарына жана эл аралык стандарттарга ылайык ишке ашырылууда. Мен ар дайым курулуштун ар бир этабына катуу көзөмөл жүргүзүлүшүн талап кылып келем. Ошону менен катар заманбап материалдар колдонулушуна басым жасалууда. Бул турак жай комплексинин аймагында заманбап инфратүзүм: эс алуучу жашыл зоналар, балдар аянтчалары, спорт аянтчалары жана унаа токтотуучу жайлар эске алынган. Албетте, мунун баары – жарандарыбызды бекем жана коопсуз үйлөр менен камсыз кылууга көрүлгөн чаралар.

Учурдан пайдаланып, айрым жарандарыбызды сарсанаага салган бир жагдайга токтоло кетейин. Турак жай алам деп кезекке тургандарды “жакын тааныштары аркылуу” алдыга жылдыруу же башка жолдор менен кезегин эртелетүү мүмкүн эмес. Түзүлгөн система бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк берип, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербейт. Мамлекеттик ипотека менен үй алуу процесси толугу менен санариптештирилген, электрондоштурулган», — деп айтты ал.