Садыр Жапаров Бишкекте ооз ачар өткөрдү

Президент Садыр Жапаров кечээ, 15-мартта Бишкек шаарындагы Имам Сарахси мечитинде шам намазын окуду. Ошондой эле, мечитке келгендер үчүн ооз ачар өткөрдү.
Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, бардык мусулмандарды Орозо айы менен куттуктады. Өз сөзүндө өлкө башчысы дин боюнча маалыматтарды атайын илими бар аалымдардан алууга чакырды. Ошондой эле өлкөдө жаш балдар арасында кызамык оорусу күч алганына тынчсыздануусун билдирип, статистика боюнча ооруган балдардын басымдуу бөлүгү эмдөөдөн өтпөгөндөр экенине көңүл бурду. Буга байланыштуу Садыр Жапаров балдардын саламаттыгы үчүн ооруларды алдын алууда эмдөөдөн өтүү маанилүү экенин белгиледи.
Сөзүнүн соңунда орозо кармагандардын дуба-тилектеринин кабыл болушун, өлкөгө өнүгүү, калкка бакубатчылык каалады.