«25 миң сом айлык болбойт». Жапаров менен Ташиев автобустардын устаканасына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта Бишкек мэриясынын алдындагы автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борборуна пландан тышкары барды. Ал техникалык кызматкерлердин иштөө шарттары, ошондой эле унааларды каттамга чыгууга даярдоонун жүрүшү менен таанышты.

Кыдыруу учурунда мамлекет башчысы Бишкекте коомдук унаалардын иштөөсү кыйла жакшырганын, жыл сайын муниципалдык автобустардын саны көбөйүп, накталай эмес төлөм тутуму киргизилгенин белгиледи. Буга байланыштуу президент жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу үчүн унаалардын техникалык абалына жана айдоочуларды даярдоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Бишкек ЖЭБине да пландан тышкары барды. Президент 2-февралда түзүлгөн штаттан тышкаркы кырдаалдан кийин жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышып, Бишкек ЖЭБиндеги бардык пландаштырылган иш-чараларды белгиленген мөөнөтүндө аяктоо боюнча тапшырмаларды берди.