Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы кыргыз прокуратурасы – мыйзамдуулуктун жана укуктук системанын калыптануусунун күзгүсү экенин белгиледи. Анткени, мыйзамдарды так аткаруу, адам укуктары менен эркиндиктерин, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо укук коргоо тутумунун, анын ичинен прокурорлордун кынтыксыз ишинен түз көз каранды.
Садыр Жапаров коррупция менен күрөшүү, мыйзамдуулукка так көзөмөл кылуу – анын негизги талаптары болгонун баса белгиледи. Кызматкерлерге жоопкерчиликти жүктөөдөн мурун, алардын кызматтык милдетин так аткарууга көмөкчү боло турган шарттарды түзүү – бул мамлекеттин иши.