Садыр Жапаров: «Биздин дагы бир приоритетибиз — энергетика»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия Мамлекет башчылары менен Европа Кеңешинин президентинин Экинчи жолугушуусун ачып жатып: “Борбор Азия менен Европа Бирлигинин кызматташтыгы тынчтык, туруктуулук, өнүгүп-өсүү боюнча жалпы максаттарга жетүүдө олуттуу потенциалга ээ”, — деди.

«Биздин дагы бир приоритетибиз — бул энергетика. Маалым болгондой, Кыргыз Республикасы Борбор Азия чөлкөмүндөгү дарыялардын башатында турат. Өлкөнүн жалпы гидроэнергетикалык потенциалы 142,5 миллиард кВт саатты түзөт. Анткен менен учурда жалпы потенциалдын 13 пайызы гана өздөштүрүлгөн.

Кайра жаралуучу гидроресурстардын эсебинен Кыргызстандагы ири ГЭСтер “жашыл” электр энергиясынын 90 пайыздан ашыгын өндүрөт. Биз суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу жана комплекстүү пайдалануу, энергияны үнөмдөөнү өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.