Садыр Жапаров: «Бөйрөк алмаштырууга кеткен 7-8 миң долларды өкмөт төлөп берет»

«Өлкөдө өзүбүз бөйрөккө операция жасоону баштадык. Азыркы учурда жалпысынан 2500дөн ашуун гемодиализ алып жаткан жарандарыбыз бар. Мага берген маалыматка ылайык, учурда алардын арасынан 50 бейтап донор таап, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярдык иштери башталды». Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Биринчи бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады. Эки медицианалык бригада күн сайын иштеп, күнүнө 2-3төн бейтаптын бөйрөгүнө операция жасаса болот экен. Кудай буюрса, эми мындан ары бөйрөк алмаштыруу улантылат.

Бардык гемодиализде жаткан жарандарыбыздын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды (7-8 миң доллар) өкмөт төлөп берет. Бүгүнкү күндө гемодиализ алып жаткан жарандарыбыздын ар бирине мамлекет бир жылда 14-15 миң доллар сарптоодо. Ошондо жалпы суммасын эсептесек, 2500 кишиге 3 миллиард сомго жакын каражат кетип жатат. Ошондуктан донор тапкан бейтаптарга 7-8 миң долларды мамлекет берип, четинен бөйрөгүн алмаштырып, сакайтып чыгара берсек, аларга кеткен чыгым дароо токтойт. Бир жылда гемодиализде жаткан бир бейтапка кеткен чыгымдын жарымын жумшап, бир бейтаптын бөйрөгүн алмаштырып берсек, бир жылда жумшалчу чыгымдын жарымын жана келерки жылдардын чыгымын толук сактап калабыз. Гемодиализден чыкса, өкмөттөн кетип жаткан чыгым дароо токтойт да.

Ошондо биринчи пайдабыз — жарандарыбызга жардам берип, бөйрөктөрүн алмаштырып берип жатабыз. Экинчи пайдасы мамлекеттин акчасын үнөмдөп калабыз. 10-15 жылдап гемодиализде жаткандар бар. Элестетиңиздер, канча каражат үнөмдөлүп калат. Гемодиализде жаткандар азаят.

Ушул сыяктуу эле операция акысы башка чет мамлекеттерде 25 миң доллардан 50 миң долларга чейин турат. Муну мен өзүмдүн башымдан өткөргөн үчүн жакшы билем. 2014-2015-жылдары иним Дөөлөттү чет мамлекеттердин бирине алып барып, бөйрөгүнө операция жасатып келгенимди айттым эле. Ошол кезде эле операцияга 45 миң доллар бергенбиз. Жол кире, операциядан кийинки реабилитациялоо процедуралары болуп, баш-аягы 70 миң доллар кеткен.

Анан гемодиализде жаткан жарандарыбыздын баарында эле мындай мүмкүнчүлүк жок да. Ошол үчүн мамлекет жардам берип жатабыз.