Садыр Жапаров бүгүн Бельгияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 24-26-июнь күндөрү Бельгия Королдугуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Мамлекет башчысы 25-июнда Бельгиянын Королу Филипп менен жолугушат. Ушул эле күнү президент Садыр Жапаровдун Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен расмий жолугушуусу өтөт. Анда Кыргызстандын Европа биримдиги жана Бельгия менен соода-экономикалык кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечеги талкууланат. Сапардын жыйынтыгы боюнча эки жактуу биргелешкен документтерге кол коюу күтүлүүдө», — деди Муратбек Азымбакиев.