Садыр Жапаров 11-12-декабрда жумуш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчысы бир катар жаңы объекттердин ачылышына катышып, аймактагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат.