Садыр Жапаров Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембилик өткөрдү

Президент Садыр Жапаров администрациянын, мамлекет башчысынын иш башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен биргеликте бүгүн, 14-сентябрда «Теплые ключи» дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембилик өткөрдү.

Ишембиликтин катышуучулары анын аймагын тазалап, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Садыр Жапаров кызматкерлери менен баарлашып, ар бир кыргызстандыкты тазалыкты жана тартипти сактоого чакырды.

«Өлкөбүзгө көбүрөөк туристтерди тартууга умтулсак, экономикабызды өнүктүрөбүз десек, өзүбүздөн башташыбыз керек. Бир сааттын ичинде кенедей жерден ушунча таштанды жыйналып жатканда, туристтик жагымдуулук тууралуу кантип сөз кыла алабыз. Тазалык – биздин айланабыздагы дүйнөгө жана өзүбүзгө болгон мамилебиздин көрсөткүчү болуп саналат. Ар бир эс алуучу өзүнөн кийин таштанды тергенди үйрөнүшү керек! Биз бүгүнкү күн менен жашабашыбыз керек, биз балдарыбызга эмне калтырабыз деп ойлонушубуз кажет”, — деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров өлкөбүздүн ар бир булуң-бурчу, мейли шаар болобу, айыл жери болобу, көрктөндүрүлүп, жашоого жана эс алууга жагымдуу болушу зарылдыгын баса белгиледи. Президент белгилегендей, ар бир эс алуучу өзүнөн кийин таштандыны жыйнап, коомдук жайларга, жаратылышка калтырбоого милдеттүү. Эгерде кимдир бирөө айланасынан таштандыны көрүп калса, жанынан өтүп кетпестен, чогултуп, жакынкы таштанды челекке алып баруу керектигин, мындай аракеттен эч ким булганып калбастыгын, тескерисинче, жарандардын жоопкерчилигин, камкордугун арттырарын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы балдарды тарбиялоого өзгөчө көңүл бурууга үндөп, тарбия аркылуу тазалык маданияты, жоопкерчилик жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле калыптанаарын белгиледи. Президент Садыр Жапаров балдарды курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылууга үйрөтүүнүн эң жакшы жолу – чоңдордун жеке үлгүсү экенин белгиледи. Ал ар бир адамдын тазалыкты жана тартипти сактоого кошкон салымын сезе билүүсү маанилүү экенин белгилеп, бул бир гана бийликтин милдети эмес, ар бир жарандын милдети экенин ырастады.