Садыр Жапаров чек ара маселеси тууралуу: «Достуктун жана ынак коңшулук духунда Тажикстан менен кызматташууга дилгирбиз»

«Биз Кытай жана Казакстан менен биргеликте мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин ийгиликтүү аяктадык». Бул тууралуу бүгүн, 19-майда президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында өткөн «Борбор Азия – Кытай» саммитинде билдирди.

Президент Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта тынчтык сүйүүчү саясатты карманып, чек араларды жөнгө салуу маселелерин чечүүдө конструктивдүү мамиле көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

«Биз Кытай жана Казакстан менен биргеликте мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин ийгиликтүү аяктадык. Өзбекстан менен биргеликте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо маселеси ийгиликтүү жыйынтыкталды. Азыр өзбек кесиптештерибиз менен чек араны демаркациялоо иштерин бүтүрүү боюнча активдүү иш алып баруудабыз. Ушул эле багытта, достуктун жана ынак коңшулук духунда Тажикстан менен кызматташууга дилгирбиз.

Кыргызстан Кытай тараптын глобалдык коопсуздук боюнча демилгесин колдойт. Биз Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жалпы адамзаттын тагдыры, глобалдык өнүгүү жана глобалдык цивилизация боюнча демилгелери бар коомчулукту түзүү тууралуу жаратман идеяларын колдойбуз. БУУнун Туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиптерин ишке ашырууда мындай идеялардын маанилүү ролун жана зарылдыгын жогору баалайбыз. Кытай тараптын коңшу мамлекеттердин жалпы келечегинин шериктештигин түзүү боюнча жигердүү аракетин да жогору баалайбыз. Бул Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы достукту, ынак коңшулукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого чоң салым кошот деп ойлойм”, — деп сөзүн жыйынтыктады өлкө башчы.