Садыр Жапаров Чүйдө унаа чогултуу ишканасынын курулушун баштап берди (видео)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-февралда Чүй облусунун Сокулук районунда унаа чогултуу жана сатыкка алып чыгуу боюнча ишкананын курулушуна “мезгил кутусун” салды.

Долбоордун негизги ишмердүүлүгү электромобилдерди, коммерциялык, жеңил автоунааларды, атайын техниканы чогултууга, ошондой эле транспорт каражаттарын жана тиешелүү продукцияларды эл аралык сатыкка алып чыгууга багытталган. Ишкананы куруу жана ишке киргизүү Министрлер кабинети, жергиликтүү ишканалар тарабынан “China Hubei Zhuoyue Group” кытай компаниясы менен биргеликте ишке ашырылат. Биринчи этаптагы инвестициялык көлөмү 115 миллион долларын, долбоордук кубаттуулугу — жылына 80 миңден ашуун унааны түзөт.