Садыр Жапаров демөөрчүлүк фондунан 40ка жакын жетекчиге жардам берип турарын айтты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, Кыргызстандагы айдоочулук күбөлүктөрдү сатууга шектелип кармалган кызматкерлер боюнча пикирин билдирди. Ошондой эле эми «Унаа» ишканасына жаңы жетекчи дайындаларын, 40 районго автомектептерди ачууга тапшырма берилгенин айтты.

Алд ошондой эле кармалган «Унаанын» жетекчиси Рустам Жокоевге «Айлыгың жашооңо жетпей жатса, демөөрчүлүк фондумдан кошумча 2000 доллар материалдык жардам берип турайын»,- деп убадалашып, антын алып, ай сайын 2000 доллар жардам берип турганын айтты.

«Дароо айта кетейин: менин демөөрчүлүк фондум бюджеттик фонд эмес. Ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турам. Анткени эмгек акылары чындыгында аз»,- деди  ал.