Садыр Жапаров Дубай шаарына барды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 30-ноябрда иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) барды. Мамлекет башчысынын борту «Аль-Мактум» эл аралык аэропортуна конду.

Садыр Жапаровду БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухейль Аль-Мазруи тосуп алды.

Мамлекет башчысы БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат, ошондой эле БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт.