Садыр Жапаров: «Эки аптада РСК “Элдик банк” болуп өзгөртүлөт»

«Сиздер менен бир жакшы жаңылык жана сиздерге пайдалуу маалымат менен бөлүшө кетейин». Мындай маалыматты президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Менин тапшырмамдын негизинде көпчүлүк жарандарыбыз үчүн көйгөйлүү маселе – турак жай менен камсыздоону чечүү багытында иштер кызуу жүрүүдө. Бул — мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жана мамлекеттик кызматта иштегендерге эле эмес, жеке жактарга дагы ипотекалык негизде кезексиз батирлүү болуу мүмкүндүгү.

Ал үчүн батир алууну каалаган мүмкүнчүлүгү бар жарандар турак жайдын баасынын туура тең жарымын төлөшү керек эле. Бирок мындай мүмкүнчүлүк баарында эле жок экен. Мисалы, ала турган батири 60 миң доллар турса, анын 30 миңин төгүш керек. Ал эми жарандын колунда 20 миң доллары гана бар дейли. Калганын кайдан алат?

Бул маселеде жардам бериш үчүн мамлекеттик РСК банкы менен Мамлекеттик ипотекалык компанияны (МИК) өнөктөш кылдык. Эки аптанын ичинде РСК банкы “Элдик банк” болуп аталышы өзгөртүлөт. Жөнөкөй мисал менен түшүндүрсөм, сиз тандаган батир 60 миң долларга бааланып жатат дейли. Сиздин колуңузда 20 миң долларыңыз бар. Кезексиз батир алыш үчүн МИКке 30 миң доллар беришиңиз керек. Батирге жетпей жаткан 10 миң долларды сизге “Элдик банк” (азыркы РСК банкы) беш жылга чейинки мөөнөткө 10 пайыз жылдык үстөк менен берип турат (Коммерциялык банктар 19 пайыз жылдык үстөгү менен беришет).

Эң башкысы “Элдик банк” берген кредити үчүн күрөө (залог) талап кылбайт. Күрөөсүз, бюрократиясыз тез эле берет. Алгачкы беш жылда “Элдик банктан” (азыркы РСК банкы) алган каражаттан кутуласыз. Андан кийин МИКтин калган 50%ын төлөйсүз. Бул механизм октябрдын ортолорунан тартып иштей баштайт. Башкача айтканда, жетпей жаткан сумманы ошондо (болжол менен октябрдын 15инен баштап) алууңарга мүмкүн болот. Анткени “Банк жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл экен. Бирок батирге деп акча топтоп жаткандар болсо, азыртадан эле РСК банкынан эсеп ачып, каражатыңарды чогулта берсеңиздер болот. Мыйзам коомдук талкууга илинди.

Күзгө чейин кабыл алып, болжол менен октябрдын он бешинен баштап “Элдик банк” жарандарыбызга кредиттерди бере баштайт. Кимдир бирөөгө беш, кимдир бирөөгө он миң доллар жетпей калышы мүмкүн. Ошол каражатты “Элдик банктан” (азыркы РСК банкы) ала коюшат да, батирине талап кылынган баштапкы 50 пайыздык төлөмдү толуктап төлөп, батирге ээ болушат. РСК банкты “Элдик банк” деп өзгөртүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга өнөктөш кылалы дегенибиздин башкы максаты да – ушул: азганча акчасы жетпей жаткандарга МИК алдында кепилдик кылып берүү.

Кыскасын айтканда, бул жаңы мехнизм турак-жай реформасынын үчүнчү баскычы. Бул жаңы эреже биздин миграцияда жүргөндөргө, жалпы эле үйгө муктаж жарандарыбызга жеңилдик берүү, мамлекеттик камкордук кылуу үчүн сунуш кылынган механизм», — деп жазылат.