«Эл койгон негизги талаптардын сап башында «Ош окуясы менен Дача-СУ окуясын иликтеп, аягына чыгарып бергиле» деген талап болгон. Ош окуясын иликтөө аяктап калды деп маалымат беришти. Жакында иш сотко кетет экен. Ал эми Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. «Иликтеген тергөөчүлөр мурда дагы иликтеген, балким көп нерселерди жашырып коюп жатышабы» деген маалымат беришти. Ошондуктан, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алдым. Жакында тескеме чыгат. Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз. Каалоочулар болсо администрациянын укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын башчысы менен байланышыңыздар — Мурат Укушов (0312 625026)», — деп жазылат президенттин билдирүүсүндө.
Садыр Жапаров эки чоң иш боюнча соцтармактагы баракчасы аркылуу үн катты
«Июнь окуясы боюнча иликтөө аяктап калды деп маалымат беришти жана жакында иш сотко кетет. Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатканы үчүн коомдук комиссия түзүлдү». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жазды.
- Categories: САЯСАТ
Related Content
Депутат Сурабалдиева: "Азык-түлүк кымбаттап жатат. Бензин да кымбаттайт деген чынбы?"
Автор
СЕРЕП МЕДИА
10:18 13.03.2026
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу президент Садыр Жапаров билдирүү жарыялады
Автор
СЕРЕП МЕДИА
10:04 13.03.2026
Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады
Автор
СЕРЕП МЕДИА
14:59 11.03.2026
Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуусу (толугу менен)
Автор
СЕРЕП МЕДИА
14:38 11.03.2026
Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти
Автор
СЕРЕП МЕДИА
14:18 11.03.2026